Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева зомбулуктун же кылмыштуулуктун курмандыгы болгон балдарды коргоо системасына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте, Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык объектилердин ишмердүүлүгүнөн кабар алды.
Иш сапардын жүрүшүндө Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, “Тирек” үй-бүлөгө жана балдарга жардам көрсөтүү борборунун, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын иши менен таанышты.
Ошондой эле, Түп райондук администрациясында бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жашы жете электерге карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жолугушуу болуп, Балдарга жардам берүү борборуна барды.
Талкуу жүрүшүндө балдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнүн, сексуалдык зомбулуктун, балдардын суицидинин, балдар рэкетчилиги фактыларынын көбөйүшү, мындай көрүнүштөрдүн келип чыгуу себептери жана кесепеттери, аларды чечүүнүн жолдору боюнча маселелер каралды.
Иш сапарынын жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссия, үй-бүлөдө жашы жете электерге карата зомбулуктун алдын алуу боюнча натыйжалуу иш алып барышы үчүн мамлекеттик органдардын тыгыз кызматташуусун күчөтүүнү сунуштады.