Жаңылыктар
Түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын конференциясынын 24-жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын конференциясынын 24-жыйыны өттү

Чолпон-Атада Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын конференциясынын 24-жыйыны өттү. Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын атайын кызматтарынын жетекчи өкүлдөрү, ошондой эле Россия менен Венгриянын атайын кызматтарынын делегациялары конференцияга байкоочу катары катышты. 

Жолугушууда Жакынкы Чыгыштагы жана Ооганстандагы кырдаалдын контекстинде түрк мамлекеттеринде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу жаатында атайын кызматтардын тыгыз кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкуланды. Конференциянын катышуучулары Афганистан жана Сириянын куралдуу кагылыш зонасынын кесепеттери, терроризмдин жана диний экстремизмдин жайылышына байланыштуу террор коркунучтарын алдын алуу механизмдерин макулдашышты. Түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын конференциясы 1998-жылы түзүлгөн. Анын негизги милдети - эл аралык мүнөздөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу.