Жаңылыктар
Президент Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын конференциясынын делегация башчыларын кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын конференциясынын делегация башчыларын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 24-конференциясынын делегация башчыларын кабыл алды. 

Мамлекет башчысы терең тарыхый байланыштар, көп кылымдык ынак коңшулаштык тажрыйбасы жана өлкөлөр менен элдердин жемиштүү кызматташуусу ТҮРКОНдун алкагында өз ара аракеттенүүнү чыңдоого бекем негиз түзөрүн белгиледи. Садыр Жапаров конференция 24 жылдан бери коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуунун жана профессионалдык көйгөйлөрдүн кеңири спектрин талкуулоонун, тажрыйба алмашуунун, коопсуздук жаатында кызматташуунун эң натыйжалуу моделдерин иштеп чыгуу үчүн зарыл аянтча болуп калганын белгиледи.