Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Москвада жүрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сапардын алкагында Министрлер кабинетинин башчысы Россиянын Сбербанкынын коомдук акционердик коомунун иши менен таанышат. Сколководогу Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборго барат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Белгилей кетсек, кыргыз делегациясынын жумушчу сапары «Россия Сбербанк» ААК башкармалыгынын төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулду.