«Саясий оюндардын баары бүттү. Эми мындан ары — саясий оюндардын эмес, экономика менен алектене турган жылдар!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган Министрлер Кабинетинин жыйынында.