Жакынкы күндөрү Президенттин жетекчилиги астында Министрлер Кабинетинин жыйыны өтөт.
Анда министрликтердин жарым жылдык отчеттору угулуп, баа берилет жана жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Бул туурасында мамлекет башчысы Садыр Жапаров парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Ал бүгүн ант берген министрлер кабинетинин мүчөлөрүн куттуктап, анттын жөрөлгөсүн эске салып, эл үчүн, мамлекет үчүн татыктуу иштөөнү эскертти.
Президент депутаттар менен бирге салык чогултуу, бажы төлөмдөрүнөн кирешелерди көбөйтүү менен бирге, "Кумтөр" маселеси жолго коюлуп, "Камбар-Ата-1" долбоору башталып жатканын белгиледи.