Жаңылыктар
Бишкекте аптаптуу ысыктан улам, эс-учун жоготкон жарандар болууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте аптаптуу ысыктан улам, эс-учун жоготкон жарандар болууда

27-июнда Бишкекте аптаптуу ысыктан улам беш адам эс-учун жоготкон. Бул тууралуу Тез медициналык жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов маалымат каражаттарына билдирди. 

Анын айтымында, тез жардам кызматынын медиктери жарандарга жеринде биринчи жардам көрсөтүштү.

 “Тез жардам кызматы штаттык режимде иш алып барууда. Кооптонууга негиз жок”, - дейт ал. 

Буга чейин ӨКМ абанын табы 40 градус нөлдөн жогору болорун эскерткен.