Жаңылыктар
Тергөө камерасында жаткан “Айыл Банктын” мурдагы бөлүм башчысы асынып каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Тергөө камерасында жаткан “Айыл Банктын” мурдагы бөлүм башчысы асынып каза болду

18-июндун түнүндө “Айыл Банктын” насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, шектүү камерада асынып алган абалда табылып, ага камак жайдын кызматкерлери жана камералаштары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматы чакырылган, алар тарабынан каза болгондугу аныкталган. 

Белгилей кетсек, шектүү санитардык блокко жайгаштырылган, анын жанында дагы 3 айыпкер болгон, алар эки кишилик эки камерага бөлүнүп жайгаштырылышкан. 

Ошол эле учурда жунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон, бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. Шектүү өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар дагы шектүүнүн өз өмүрүнө кол салуу аракеттерин өз убагында алдын ала алышкан эмес. 

УКМКдан билдиришкендей, шектүү тарабынан ден соолугунун абалына, камакта кармоонун шарттарына даттануулар болгон эмес, жактоочу айыпталуучуга ээн-эркин кирип турган, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилген.

Мындан тышкары, айыпталуучуну тергөө камерасында кармоо учурунда, өз жанын кыюуга эч кандай шыгы жана жөндөмдөрү, жүрүм-турумунан байкалган эмес. Азыркы учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Белгилей кетсек, “Айыл Банк” насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы УКМКнын тергөө камак жайына ушул жылдын 30-апрелинде киргизилген. Ал Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде коррупция фактысы менен козголгон кылмыш иши боюнча жаткан.