Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы балдардын реабилитациялык борборунун курулушуна капсула салды.

Акылбек Жапаров билдиргендей бул жер өрттөн кийин 12 жыл бою бош турган.

«Реабилитациялык борбор курууну көптөн бери пландаштырганбыз. Бул балдар үчүн жакшы колдоо болуп, алардын сапаттуу медициналык жардам алуусуна көмөк берерине ишенем», - деди Акылбек Жапаров.  

Белгилесек, объекттин заказчысы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасы саналат.

Мамлекеттик акт боюнча бөлүнгөн жердин аянты 1892 м2 (0,1892 га). Долбоор боюнча имараттын аянты – 1728 м2, курулуш аянты 508 м2 түзөт. Объекттин курулушун үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин жыйынтыктоо пландалууда.