Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек-Ош унаа жолундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Тактап айтканда, Жапаров автожолду кар көчкүдөн коргоо долбоорунун курулушун көрдү. Кышкысын коопсуз өтүү үчүн галереянын узундугу 460 метрди, туурасы 7 метрди түзөт. Жалпы курулуш иштеринин 85%ы бүткөрүлдү, ушул жылдын аягына чейин толук бүтүрүү пландалууда. Иш аяктагандан кийин бир жылдын ичинде тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү ишке ашырылат.
Министрлер кабинетинин башчысы курулуш иштерин өз убагында сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.