Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун биринчи этабына даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун биринчи этабына даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Нарын дарыясындагы Камбар-Ата 1 гидроэлектростанциясынын курулушуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымдагандай, 2 жыл аралыгында жаңы жолдорду, көпүрөлөрдү, имараттарды салуу жана эскилерин калыбына келтирүү, ошондой эле жумушчулар үчүн башка тийиштүү инфраструктураларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Анын айтымында, ГЭСтин биринчи гидроагрегатын 8 жылдан соң ишке киргизүү пландаштырылууда.

Сапардын жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров объектидеги даярдык иштерин сапаттуу жүргүзүүнү камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Маалыматтарга ылайык, Камбар-Ата 1 ГЭСи 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын-ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат. 

Президент Садыр Жапаров жакында берген маегинде Казакстан менен Өзбекстан Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга катышууга кызыгуусун билдирип жатканын маалымдаган.