24-майда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Арабиясынын Межлис Аш-Шурасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, Сауд Арабия - Кыргызстан Парламенттик достук тобунун жетекчиси Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири башында турган Сауд Арабиянын парламенттик делегациясын кабыл алды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-сатыктын көлөмүн көбөйтүүгө жана туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошо турган түз каттамдарын ачуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Министр парламенттер аралык түз байланыштар жана өз ара иш сапарлар парламенттер кызматташтыгын бекемдөөгө гана өбөлгө түзбөстөн, достук көпүрөсү боло аларын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында бардык багыттар боюнча кыргыз-сауд байланыштарын бекемдөөгө биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты.