Биринчи Евразия экономикалык форумуна даярдык толугу менен жүрүп жатат.
Азыркы күндө 15 мамлекеттен 2500дөн ашуун адам катталды. Панелдик сессиялардын бардык модераторлору жана спикерлери катыша тургандыктарын тастыкташты.
Форумдун уюштуруучулары тарабынан ордо калаадагы 3 ири конок үйлөрүндө 35 иш-чара өткөрүү пландалууда.
Анын алкагында ар тараптуу кызматташтык боюнча 10 меморандумга кол коюу пландалууда.
Форум бир күндө өткөрүлөт жана акырында мамлекет башчылардын катышуусу менен пленардык отурум болот.
Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери, ЕЭК Коллегиясынын төрагасы отурумга келишет, ал эми Армениянын, Беларустун жана Россиянын президенттери видео режиминде катышат.