"Доор фонундагы портрет" аталышында Тарых музейинде мамлекеттик ишмер Темирбек Кошоевге арналган көргөзмө ачылды.
Компартиянын Ош обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы, ошол эле мезгилде — СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасынын орун басары кызматтарын аркалаган Темирбек Кошоев жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түптөлүшүнүн башатында туруп, анын институционалдык жана мыйзамдык базасын чыңдоого салым кошкон.
III даражадагы «Манас», Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу жана Ардак Белгиси ордендери менен сыйланган.
Көргөзмө 26-майга чейин уланат.
Көргөзмө ошондой эле, Ысык-Көл облусунда жана мамлекеттик ишмердин кичи мекени болгон Кеминде да ачылат.