Кара-Сууда Өзбекстанга жер астынан өткөн, узундугу 270 метр жол табылды.
Тоннелдин ичинен чек арага чейинки аралык 40 метр болгон. Анын тереңдиги 15 метр, кире бериш жери 1,8, ал эми туурасы 1 жарым метр келет. УКМК жашыруун жай Кара-Суу районунун Тельман айылында табылганын билдирди.
Тоннель табылган аймактын ээси учурда "Кызыл-Жар" психиатриялык бөлүмүндө жатат. Мындан улам анын акыл-эсин аныктоого кайрадан экспертиза өткөрүү пландаштырылууда.