Жаңылыктар
"Кумтөр" ишканасынын өткөн айдагы кирешесинин 0,6 пайызы “Нарынды өнүктүрүү фондуна” которулат
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр" ишканасынын өткөн айдагы кирешесинин 0,6 пайызы “Нарынды өнүктүрүү фондуна” которулат

“Кумтөр” ишканасы ар бир айдын онунан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Финансы министрлигинин “Нарын облусун өнүктүрүү фонду” мекемесинин атайын эсебине которот. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган. Буга чейин Президент Нарын облусунун жашоочулары менен жолугушууда өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын кумтөрдөн жылдык дүң пайдасынын 0,6%ы бөлүнүп турарын билдирген.