Бишкекте Кыргызстан жана Финляндиянын бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Финляндия тараптан өнөр жай, фармацевтика, курулуш жана суу тармагындагы мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышкан.
Жолугушуунун максаты – кыргыз жана фин компаниялары үчүн байланыштардын аянтчасын түзүүнү камсыз кылуу, фин тарапка Кыргызстандагы бизнес-климат жана ишкерчилик жөнүндө маалымат берүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө "Бизнес үчүн бизнес"жана "Мамлекет үчүн бизнес" форматындагы жолугушуулар өтүп, анда тараптар байланыштарды түзүп, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон жолдору боюнча пикир алмашышты.
Мындай форматтагы иш-чара фин тарап менен биринчи жолу өткөрүлүп жана тараптар туризмди өнүктүрүү, эки өлкө ортосундагы сооданы көбөйтүүгө, ата мекендик ишканалардын дараметин жогорулатууга жана биргелешкен ишканаларды түзүүгө багытталган кызматташууну кеңейтүү зарылдыгын макулдашты.