Жаңылыктар
МИК: Үй алууга дагы кошумча жеңилдиктер пайда болду
Кыргызстан жаңылыктары
МИК: Үй алууга дагы кошумча жеңилдиктер пайда болду

Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан үй алууга дагы кошумча жеңилдиктер пайда болду. 

Министрлер Кабинети Социалдык фонд тарабынан мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун топтолгон каражаттарын төлөө эрежелери жөнүндө чечимдин долбоорун жактырды. 

Ага ылайык эми ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле жумушсуздар буга чейин чогулган пенсиялык топтомдорун колдоно алышат. 

Мурда бул жеңилдик баштапкы төлөмдү бергенде гана каралса, эми буга чейин ипотека аркылуу үй алып, насыясын төлөп жаткандарга да тиешелүү болуп калды. 

Ошол эле учурда насыяны төлөөдө ипотекага үй алган жарандын жубайынын соцфонддо чогулган каражатын да алып колдонсо болот.