Жаңылыктар
Бишкек мэриясы мыкты долбоорго сынак жарыялайт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясы мыкты долбоорго сынак жарыялайт

Бишкек мэриясы мыкты шаардык долбоорго сынак жарыялайт. 

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, сынак 1-апрелден 1-июнга чейин шаардын жагымдуу чөйрөсүн түзүүгө шаардыктарды жана уюмдарды кеңири тартуу, шаардын актуалдуу маселелерин чечүү үчүн дем берүүнүн мыкты куралдарын табуу, ошондой эле мыкты тажрыйбаларды жана демилгелерди киргизүүнүн системалуу механизмин түзүү максатында өткөрүлөт. 

Сынакка катышуу үчүн арыздар жеке адамдардан да, демилгелүү топтордон да, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан да кабыл алынат. Бир талапкерден бир долбоор кабыл алынат.