Жаан-чачын жааган күнү эле, Ош шаарында ичүүчү таза суунун токтошу кадимки көрүнүш.
Буга калааны таза суу менен камсыздаган жалгыз булактын же, Ак-Буура дарыясында суунун ылайланышы негиз. Жергиликтүү бийлик, калаа тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда анын альтернативалык жолун камсыздай албай келет.
Кезек күтүү айрым учурда пикир келишпестиктер менен коштолот. Абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат.
Бул ирет таза суу берүү 2 сутка үзгүлтүккө учурады. “Ош шаардык суу канал” ишканасы суу өз нормасынан ашык киргилттенип кеткенин айтат. Буга Папан аймагынан жүргөн сел ташкыны негиз.
Жергиликтүү бийлик, калаа тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда анын альтернативалык жолун азырынча камсыздай албай келет . Бирок, акыркы 10 жылдын ичинде эле 2 ири долбоор ишке ашырылган. Үмүттү актабаган долбоорлор “чийки иштелип чыккан”,- деген жүйө менен максатына жеткен эмес. Аларга коротулган млндогон каражаттар да суу менен кошо жерге сиңген.
Бейрасмий маалыматтарга караганда, бул иштер боюнча эки жооптуу кызматтын жетекчисине кылмыш иши да козголгон.
Шаарда жалпы 500 чакырымда таза суу кууру бар. “Ош суу канал” ишканасы 278 миң абонентке жана 2,5 миңдей мекеме-ишканага ичүүчү таза суу берет. Шаардыктар бир куб суу үчүн 5 сом 35 тыйын төлөшөт.
Калктын ичүүчү таза суу менен камсыздалуусу 85 пайызды түзөт.