Министрлер кабинетинин жыйынында Мамлекеттик пенсиялык топтом фондунан, Социалдык фонд тарабынан пенсиялык топтоолорду төлөөнүн эрежелери жөнүндө чечимдин долбоору жактырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда ипотекалык насыясы бар жарандар, ошондой эле алардын жубайлары карыздын негизги суммасын же кредит боюнча пайыздарды төлөө үчүн пенсиялык топтом каражаттарын пайдалана алышат.
Мында камсыздандырылган адамдын, ошондой эле алардын жубайларынын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө 50 миң сомдон кем эмес өлчөмдө пенсиялык топтом болууга тийиш.
Токтом ошондой эле пенсиялык топтомдору бар жумушсуз жарандарды социалдык жактан колдоого багытталган. Алар бул каражаттарды жашоо минимумунун өлчөмүндө үч айдан ашпаган мөөнөткө ала алышат.