21-майда Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн легендасы, чыгаан диктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Кыргыз телерадиоберүүлөр корпорациясынын алдында уюштурулган иш-чарага Министрлер Кабинетинин, коомчулуктун өкүлдөрү, маркумдун жакындары, санаалаш, кесиптештери катышты.
Бактыбек Мамытов 20-майда узакка созулган оорудан улам көз жумган. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.
Бактыбек Мамытов 1950-жылы азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында төрөлгөн. 1967-жылы Чүй районунун “Октябрь” айылындагы орто мектепти аяктап, совхоздо эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган. 1975-жылдан тарта Кыргыз ССРинин Телерадио комитетине диктор болуп жумушка алынган. Дээрлик 50 жылга чукул аталган мекемеде эмгек өтөгөн.
Диктор катары балдарга, жаштарга, улууларга арналган көрсөтүүлөрдү, жаңылыктарды, саясий-коомдук берүүлөрдү, айыл чарба, укуктук, тармактык көрсөтүүлөрдү алып барды. Өзгөчө “Кыргызстан” саясий-аналитикалык көрсөтүүсү, “Арноо концерти” сыяктуу берүүлөр элдин эсинде.
Мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чараларды, майрамдык ири салтанаттарды бийик чеберчиликте алып барган. Анын кайталангыс үнү, мукам тембри, алып баруу манерасы, көрүүчү, угуучуну арбап алар эле. Ар бир кыргыз үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү катары Бактыбек Мамытов эл сыймыгы, эл адамына айланды.
Өлкө алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн “Даңк” медалы менен сыйланып, ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, андан соң эл артисти наамдары ыйгарылган.