Чаткалдын Терек-Сай айылындагы шыбы ураган мектептин ордуна инвесторлордун жардамы менен жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев районундогу мектеп жетекчилери менен жыйын өткөргөн учурда билдирди.
Ал эми кырсык учурунда сабакта болгон окуучулардын жана мугалимдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирилген эмес. Алар сабактарын кадимки режимде улантып жатышат.
Сабактар мектептин жарактуу корпусунда өтүүдө.