Борбордун түштүк тарабындагы 45 миңден ашык калк жашаган Ак-Ордо 3 конушунун тургундары үчүн жаңы жолдун салынышы бир топ түйшүктү жеңилдетти. 20 жылдан бери баткакты аралап шаарга каттаган эл эми минтип асфальт жол менен барып келишет.
Жолдун курулушунда бардык талаптар эске алынган. Узуну 2,5 чакырым жолдун чет жакалары иретке келтирилип, жалпы стандарт боюнча туурасы 18 метрге жетет. Кыргыз жол курулуш ишканасы жолду бир айдан ашык убакытта ишке берди.
Конуш тургундары менен былтыр күзүндө өлкө башчысы жолугуп, трансформация, социалдык объектилердин курулушу менен катар жол көйгөйү да чечиле турганын айткан. Президент келип кеткенден кийин ал жолго шагыл төшөлүп, күн сууктап кетип асфальт басылбай калган.
Аталган конушта социалдык объектилер салына баштайт. Мамлекет башчысы мектеп жана бала бакчаны тез арада салып берүү тапшырмасын берген. Жер тилкеси да даяр турат.