Кыргыз улуттук телерадиоберүү корпорациясы орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз телесинин жүзү, атактуу диктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, "Даңк" медалынын ээси Бактыбек Мамытов 72 жашында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.
Бактыбек Мамытов Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында 1950-жылы 3-мартта туулган.
Улуттук университеттин филология факультетин аяктаган.
1975-жылдан тартып дикторлук кесипти аркалап келди.
КТРК жетекчилиги жана жалпы жамааты Бактыбек Мамытовдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.