Жаңылыктар
“Ак-Ордо-3” жаңы конушунун негизги көчөсүнө асфальт төшөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
“Ак-Ордо-3” жаңы конушунун негизги көчөсүнө асфальт  төшөлдү

“Ак-Ордо-3” жаңы конушунун Элмирбек Иманалиев көчөсүнө асфальт төшөө иштери толук аяктады. Көчөнү оңдоого 2022-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу курулуш объектилеринин эсебинен 2,5 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери каралган. 

Жол “Кыргызжолкурулуш” компаниясы тарабынан жүргүзүлдү. 2,5 чакырымга созулган жолго асфальт төшөө иштери бир ай ичинде аткарылган. 2021-жылдын 21-ноябрында Президент Садыр Жапаров “Ак-Ордо” конушунун Э.Иманалиев атындагы көчөсүн асфальтоо боюнча тапшырма берген.