Базарларда көзөмөл-кассалык машина менен иштөө талабын жокко чыгаруу каралып жатат.
Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлигинин Салыктык саясат башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Исабеков билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтому боюнча базарлар 1-августка чейин ККМ менен соода кылууга өтүшү талап кылынган. Азырынча буга байланыштуу чечим чыга элек.
Тиешелүү маалымат макулдашуудан кийин бериле турганы айтылды.