Жаңылыктар
"Ош" аэропортунда катталган кырсыктан жабыркагандар болгон жок
Кыргызстан жаңылыктары
"Ош" аэропортунда катталган кырсыктан жабыркагандар болгон жок

"Ош" аэропортунда катталган кырсыктан жабыркагандар болгон жок, ал эми каттамдар үзгүлтүксүз уланууда. 

Жарым саат жаап өткөн жаан эл аралык маанидеги "Ош" аэропортунун учурдагы абалын ачыктады. 

Жүргүнчүлөр тарткан тасмадан аталган жайдын ички залын суу каптап кеткенин көрүүгө болот. Чатырдан кирген жаандын суусунан терминалдын шыбынын бир канча бөлүгү урап түшкөн. Жалпы 1700 чарчы метр аймагын суу баскан. Бул учурда аэропорттун ичиндеги жүргүнчүлөр жарым саатка чейин жаан астында отурган

Нөшөрлүү жаандан кийин жүргөн селден жабыр тарткан Кара-Суу, Өзгөн райондорунда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланууда.