Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата республикалык жогорку окуу жайлар арасында “21-кылымдын кадрлары” форуму өттү.
Ага өлкөнүн бардык окуу жайларынан студенттер келип, тажрыйба алмашуу, билим деңгээлин жогорулатуу багытында жыйындарга катышты. Форумдун расмий ачылышы агартуучунун атын алып жүргөн университетте болду.
Буга чейин мындай саамалыктар өткөрүлгөнү менен кеңири баарлашуу болгон эмес. Бул ирет тажрыйба алмашуудан сырткары жаштар арасында болуп жаткан көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору, өлкөнү өнүктүрүүгө жаштардын салымы тууралуу пикирлер айтылды.