Борбор калаада жакындары менен чырдаша кеткен кыз өмүрүнө кол салууга аракет кылган.
Кайгуул милициясынан билдиришкендей, 18-майда саат 16:40тар чамасында Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн чатырында секирүүгө камынып жаткан кыз жөнүндө маалымат түшкөн.
Жерине патрулдук милициянын шаардык башкармалыгынан инспекторлор барып, кызды аман сактап калган.
Кыздын өздүгү такталып, 2004-жылы туулгандыгы аныкталды.
Ал милициянын бөлүмүнө жеткирилип, тиешелүү амалдар жүргүзүлдү.