Жаңылыктар
Садыр Жапаров БАЭнин жаңы президенти менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров БАЭнин жаңы президенти менен жолугушту

Өлкө башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Эмират элине жеке көңүл айтты. Абу-Дабидеги аза күтүү иш-чарасына катышкан Садыр Жапаров маркумдун Бириккен Араб Эмираттарынын туруктуу өнүгүүсүнө кошкон кызматын, салымын белгилеп, Мухаммад бин Заед Аль Нахайанды бул өлкөнүн жаңы Президенти кызматына кириши менен куттуктады. Мамлекет башчысы иш сапарынын жүрүшүндө энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазурэй менен жолугушту.