ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Казакстандын атайын кызматы Борбор Азияга синтетикалык баңгизаттарды интернет тармагы аркылуу ташып, саткан каналды жок кылды.
ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, биргелешкен атайын операция эки өлкөнүн аймагында жарым жыл бою жүргүзүлгөн.
Аталган кылмышка шектелип жети адам кармалды. Алардын төртөө Казакстандын жараны болсо, үчөө кыргызстандыктар.
Атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык баңгизат өндүргөн эки лаборатория жок кылынган. Анда 31 килограмм 265 грамм баңгизат алынган.
Баңгизаттарды сатуудан болжол менен 155 миллион 545 миң сом же 1,8 миллион доллар түшкөнү айтылды.