Жаңылыктар
Тажикстандан мыйзамсыз кой ташып келүү аракетине бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Тажикстандан мыйзамсыз кой ташып келүү аракетине бөгөт коюлду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-апрелде Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы чек арага жакын Майты жерлигинде мыйзамсыз түрдө 99 баш койду Тажикстандан Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалган. Алынып келе жаткан койлордун баасы 1 млн 426 миң сомду түзөт.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин Экономикалык контрабанда беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп, жыйынтыгына акыркы юридикалык баа берилет.