Жаңылыктар
26-27-майда Бишкек менен Чүйдө жол кыймылына чектөө киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
26-27-майда Бишкек менен Чүйдө жол кыймылына чектөө киргизилет

26-27-майда Бишкек менен Чүйдө жол кыймылына чектөө киргизилет. 

Бул күндөрү Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу жана Евразия экономикалык форуму өтүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин президенттери келет. 

Эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкек шаары менен Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизиле турганы белгиленди.

ЖКККББ шаар тургундары менен конокторду киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, жол эрежесин сактоону чакырды. 

Ошондой эле унааларды жол жээгине токтотпоону суранды. Бул күндөрү чет мамлекетке же башка аймакка кете турчу жарандар сапарын алдын ала пландап алышы керек. 

Эске салсак, Евразия экономикалык биримдигине быйыл Кыргызстан төрагалык кылат.