Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн абалы менен таанышты.
«Ала-Тоо» борбордук аянтын реконструкциялоодогу асфальт төшөө иштеринин жүрүшү жана жаңы асфальтталган Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкедеги жолдун абалын көрдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, куруучу ишкана тарабынан жол жээгиндеги оңдоо жана жашылдандыруу иштери бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Андан ары Министрлер Кабинетинин башчысы курулуш иштери жүрүп жаткан №40 орто мектептин жаңы имаратындагы жумуштар менен таанышты. Ашкана, откана жана жертөлөсү менен бирге 550 окуучуга ылайыкталып салынып жаткан мектеп бардык эл аралык сапат стандарттарга жооп берет жана заманбап техникалар, эмеректер менен жабдылат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле Баялинов көчөсүндөгү №75 орто мектеп-лицейинде болду, ал дагы реконструкцияланып жатат. Бир эле убакта 550 бала билим ала турган мектептин жаңы имаратында темир-бетон плитасын жана фундаментин куруу иштери жүрүп жатат.
Акылбек Жапаров Президенттин келерки окуу жылынын башына чейин борбор калаада 15 мектеп жана 5 мектепке чейинки билим берүү мекемесин куруу боюнча тапшырмасы толугу менен аткарылып жатканын белгиледи.
«Курулуш иштери белгиленген мөөнөттө жүрүп жатат, эч кандай кечигүү жок. Мен курулуп жаткан имараттардын сапатына өзгөчө көңүл бургум келет. Курулуш учурунда бардык техникалык стандарттар жана мүнөздөмөлөр сакталышы керек. Бул мекемелерде балдар окушат, алардын коопсуздугу эң башкы орунда», - деди министрлер кабинетинин төрагасы.