Жаңылыктар
Талас: шаар көркүн бузган эски үйлөр
Кыргызстан жаңылыктары
Талас: шаар көркүн бузган эски үйлөр

Талас шаарын реконструкциялоо жана өнүктүрүү багытында тынымсыз иштер жүргүзүлүп келет. Бирок калаа көркүн бузган шаардын так ортосунда өткөн кылымдын 50-жылдарында курулган эски турак жайларга байланыштуу көйгөйлөр бар. Чатырынан тамчы агып, агынды жана таза суу түтүктөрү эбак эскирген, жертөлөсү менен тактай полу кооптуу, сырты кунарсыз көрүнгөн үйлөрдүн тургундары да маселени чечип берүүнү суранышат.

Талас шаарынын так ортосунда жайгашкан Нуржанов көчөсүн "абройлуу" көчө деп аташат. Себеби мында облустук драма театр, 2 мектеп, орто кесиптик окуу жайы, Талас мамлекеттик университети сыяктуу бир катар социалдык-маданий мекемелер жайгашкан. Аллеяда Колпоч баатырдын, Чыңгыз Айтматовдун айкели турат. Бирок бул көрүнүшкө эл арасында "сталинка" деген аталышка ээ эки кабаттуу сыны кеткен үйлөр анча коошпойт.