Жаңылыктар
Июнь айында Камбар-Ата 1 ГЭСнин курулушун баштоо пландалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Июнь айында Камбар-Ата 1 ГЭСнин курулушун баштоо пландалууда

Жыл өткөн сайын калктын саны көбөйүп, электр энергиясына болгон суроо-талап жогорулап жатканына байланыштуу Министрлер Кабинети тармакты өнүктүрүүнүн аракетинде. Бул максатта жакынкы жылдары кошумча кубуттуулуктар ишке кирмекчи. Анын бири Камбарата-1 ГЭСин куруу. Ошол эле учурда күн, шамал станциялары курулса электр энергияга болгон муктаждык маселеси чечилет.

Кыргызстан учурда суу энергетикалык ресурстарынын болгону 30 пайызын гана колдонууда. Мындан улам кошумча кубаттуулукту ишке киргизүү жагы колго алынып жатат. Июнь айында Камбар-Ата 1 ГЭСнин курулушун баштоо пландалууда. Энергетика министринин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул ири долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык ресурстар бар. Биринчи кезекте инфраструктураны түзүү зарыл. Жол картасы түзүлүп, учурда тиешелүү даярдык иштери жүрүп жатат.