Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү аныкталып, анын аракетине бөгөт коюлду.
Белгилүү болгондой, 12-майда кылмыштуу топтун мүчөсү өзүнүн унаасына Базар-Коргон шаарынын тургунун мажбурлап салып, шаардын сыртына алып барып, күч колдонуу менен 150 миң сом талап кылган.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшундө 15-майда кылмыштуу топтун мүчөсү талап кылган акчанын бир бөлүгүн, 15 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.
Аталган факты Кылмыш кодексинин "Акча талап кылуу" беренеси менен бирдиктүү реестрге катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.