Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен аталган өлкөнүн эл аралык билим берүү жана өнүктүрүү программасынын ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.
Анын алкагында Кыргызстандын жарандарына "медайымдык иш" адистиги боюнча Германияда ишке орноштуруу менен каттоодон өткөн окуу жайларында окууга мүмкүнчүлүк берилет.
11-класстын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле 35 жашка чейинки бардык каалоочулар бул программага катышуу үчүн маектешүүдөн өтө алышат.
Тандалган талапкерлер Германияда жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.