Президент Садыр Жапаров Мырза-Акедеги ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебине 1 миллион сом берди.
Каражат футбол боюнча "Мурас" достук мелдешинин байге фонду. Анда "Президенттин Администрациясы" командасы жеңишке жетишкен. Мамлекет башчысы турнирдин байге фонду кайрымдуулук максатына багытталарын жарыялаган. Мекеме бул акчага балдар үчүн суу көлмө менен спорт аянтчасын курганы турат.