Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Кремлге ЖККУга мүчө мамлекет лидерлеринин жолугушуусуна келди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Кремлге ЖККУга мүчө мамлекет лидерлеринин жолугушуусуна келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-майда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчө мамлекеттеринин лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары чогуу сүрөткө түшкөн соң, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган мааракелик жыйын өтө турган Александр залына өтүшөт.