Жаңылыктар
"Альянс Алтын" ишканасы бюджетке салык түрүндө 6,5 млрд сом төктү
Кыргызстан жаңылыктары
"Альянс Алтын" ишканасы бюджетке салык түрүндө 6,5 млрд сом төктү

Ушул жылдын май айына карата "Альянс Алтын" ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 6,5 млрд сом төктү. Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, андан сырткары "Кирешенин 2 пайызы жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана камсыздоо" беренеси боюнча да төлөмдөр жүргүзүлдү. 

Талас облусун өнүктүрүү фондуна 195,7 млн сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна 117,4 млн сом жана Бекмолдо айыл аймагын өнүктүрүү фондуна 78,3 млн сом бөлүндү.

Азыркы учурда кенде 707 адам иштейт. Алардын 422си Талас облусунун тургундары жана калгандары башка аймактардан. Аталган облуста тоо-кен ишине 361 адам окутулуп, алардын 201и тандап алуу комиссиясынын жыйынтыгы боюнча ишканага жумушка алынды. Жерүй кениндеги иштер бардык экологиялык эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт. Адистер жаз айында бир нече жолу кенге жакын жайгашкан дарыялардын суусун текшеришти. Суунун булганган жана кандайдыр бир уулуу заттар табылган учурлары катталган жок. Муну менен дарыялардагы суунун сапаты жаратылыш стандарттарына жооп берери аныкталган.