Жаңылыктар
Англияга жумушка барууга 700 киши тандалды
Кыргызстан жаңылыктары
Англияга жумушка барууга 700 киши тандалды

Англиянын айыл чарба жумуштарына иштөө үчүн 7 миң кыргызстандык анкета тапшырган. Учурда 700дөй адам толук тандоодон өтүп, май-июнь, июль айларында учуп кетүүгө даярдык көрүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргызстандыктарды Англияга жумушка кабыл алуу жүрүп жатат. Жумушчуларды тандоо процессин толук Британия тарап жүргүзөт. Министрлик, анын ичинде борбордун буга тиешеси жок. 19-майда Англияга 165 жаран жөнөтүлөт. Ошондой эле, Түштүк Кореяга акыркы төрт ай ичинде 300дөн ашуун жаран учуп кетти. 2022-жылы Түштүк Корея Кыргызстанга 1 миң 900 квота бөлгөн. Ошондой эле июнга чейин корей тилин билүү боюнча тест жүрүп жатат. Ага 1 миң 500 кыргызстандык катышарын билдирген.

Кубандык Акматбеков Финляндия жана Японияга кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.