Жаңылыктар
УКМК: Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

 Маалыматта айтылгандай, коопсуздук комитети тарабынан Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчисинин пара алуусу боюнча кылмышка шектелүүдө. Буга чейин, 2016-жылы Башкармалыктын мурдагы жетекчиси чет элдик ишкерден эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берерин убада кылып, 70 миң доллар алган. 

Ошол эле учурда ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайтарып берген эмес. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталды. 14-майда УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн ишкерге кайтарып берүү учурунда шектүү пара менен кармалган. Маалым болгондой, кармалган жаран азыркы учурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси экендиги аныкталды. Учурда УКМК тарабынан бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.