Жаңылыктар
Кыргызстанда калктын саны өсүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда калктын саны өсүүдө

Былтыр 15 жаштан 55 жашка чейинки 150 миңден ашык аялга эне болуу бактысы буюрду. 

Улуттук статистика комитети билдиргендей, эненин биринчи баласы төрөлгөндө орточо курагы болжол менен 23 жашты түзгөн. Эң жаш энелер, алардын биринчи баласы төрөлгөндө, 18-21 жашта болуп, Ош шаарында, Баткен, Ош жана Талас облустарында жашашат. 

Аялдардын 27%га жакыны биринчи жолу, ал эми 35%га жакыны, же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу эне болот. 13%га жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болуп калды. 

2021-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөлгөндөрдүн саны азайган. Ошентип, былтыр 1244 эгиз төрөлсө, 7 үч эм төрөлгөн. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча, төрөттүн аралыгы эки жылга чейинки төрөлгөн балдардын үлүшү 32%дан жогору, үч жыл жана андан көп аралыкта 42%ге жакын болгон. 

2000-жылдардан баштап, Кыргызстанда төрөлүү деңгээлинин өсүшү байкалган. 15-49 жаштагы ар бир аялга орто эсеп менен 3 бала туура келген, бул биздин өлкөдө калктын кеңейтилген репродукциясын камсыз кылуу үчүн жетиштүү.