Жаңылыктар
Троллейбус, автобустарда жол кирени эми "Элкарт" картасы менен төлөөгө болот
Кыргызстан жаңылыктары
Троллейбус, автобустарда жол кирени эми "Элкарт" картасы менен төлөөгө болот

Бишкекте троллейбус, автобустарда жол кирени эми "Элкарт" картасы менен төлөөгө болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жаңы функция бардык муниципалдык транспортто пилоттук режимде жеткиликтүү. Жүргүнчү банк картасын "Тулпар" валидаторуна коюп, төлөм аяктагыча бир аз күтө турушу керек. 

Мындан тышкары, калаа тургундары жол кирени каалаган банктын Visa картасы менен да төлөй алары кошумчаланды.

Муниципалитет шаардыктарды жаңы функцияны колдонуп көрүүгө чакырды.