11-майда 42 жаштагы эркек киши сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 21 куткаруучу, алты суучул, 10 милиция кызматкери жана туугандарынан 15 адам тартылган.
Аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Айрым маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, сууга агып кеткен адам Панфилов районундагы айылдык кеңештин депутаты Бакир Исаков болгон.