“Бишкек жашыл чарба” ишканасына 23 миң сом айып салынды. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде "Бишкек жашыл чарба" ишканасы тарабынан көзөмөлдөнгөн агын суу асфальттын жаракасынан сыртка чоң көчөгө агып чыгып кетүүсүнө жол берген. Суу чоң көчөнү каптап, жолдогу унаалардын жүрүүсүнө да тоскоолдук жараткан. Бул боюнча айдоочулар чара көрүү тууралуу кайгуул кызматкерлерине кайрылуу жөнөтүшкөн.
Натыйжада, аталган ишканага кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан Укук бузуулар кодексине ылайык, тийиштүү протокол түзүлүп, 23 миң сом айып салынды. Ишканага мындай нерселерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.