Бүгүндөн тартып "Ала-Тоо" аянтынын унаа жүргөн бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу бир жумага жабылды.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, борбордук бөлүктүн Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.
Милициянын кайгуул кызматы ыңгайсыздык үчүн кечирип сурап, айдоочуларды маршрутун алдын ала пландап алууга чакырат.