Бүгүн, 16-майдан тартып 20-майга чейин Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 129-чакырымында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүрөрүн «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Боом капчыгайында эртен менен саат 9дан 15:00го чейин жолдун бир тарабы улам жабылып турат. Эгер топтолгон машиналардын саны 30-40га жетсе таштарды кулатуу иши убактылуу токтотулуп, жол ачылып турат.
Бишкекти Ысык-Көл жана Нарын облустары менен байланыштыруучу негизги автожолдун 25 чакырымдайы Боом капчыгайы аркылуу өтөт.